> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/18/elektronduk-tamekige-bolgon-chektoonu-uzartuu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-11-18T11:56:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T11:56:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Никотин суюктугу бар электронду тамекинин өлкөгө ташып киргизүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору** [**коомдук талкууга чыкты.**](https://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/6836)

> Белгилей турган болсок, бул токтом долбоору мурун киргизилген чектөөнү узартууну көздөйт. Анткени быйыл 1-июнда өлкөгө электрондук чылымды ташып келүүгө **6 айлык чектөө** киргизилген. Учурда ал 9-декабрга чейин күчүндө.

Айта кетсек, былтыр 1-июлдан баштап өлкөдө электрондук чылымды колдонууга жана сатууга тыюу салынган. Чеккендерге ****10 миң сом**, саткандарга ****65 миң сомго чейин** айып салынат. Ал эми ташып келгендерге ****100-120 миң сом** айып каралса, өзгөчө ири өлчөмдө ташып келгендерге ****150-200 миң сомго чейин** айып пул чегерилет.