> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/18/manas-shaarynda-375-orunduu-mekteptin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-11-18T07:52:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T07:52:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Манас шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орундуу мектептин курулушу толук аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды.**

> Курулуш министрлиги маалымдагандай, мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты **4 200 чарчы метрди** түзүп, ал А, Б, В жана Г блокторунан турат. 

Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин кабинети, компьютердик жана эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ошондой эле бардык шарттары каралган спорт залы жайгашкан.

Эске салсак, 2026-жылдын башында Манас шаарында алты мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө алардын **бешөөнүн** курулушу толук аяктады. Ал эми Курманбек муниципалдык башкармалыгында салынып жаткан мектептин курулуш иштери кызуу уланууда.