> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/18/talasta-myizamsyz-rekonstruktsiialoo-ishteri-anyktaldy/
- Published: 2026-11-18T12:47:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T12:46:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы Талас–Тараз автожолунун 32-чакырымында жайгашкан "Ред Петролеум" объектисинде мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды.**

> Курулуш министрлиги маалымдагандай, текшерүүдө реконструкциялоо иштерине тиешелүү долбоордук документтер жоктугу жана объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбагандыгы белгилүү болду.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тарап – "Альфа-Ойл" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аларды жоюу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү.  
  
Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырды. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**