> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/20-noiabrda-bishkektin-kee-bir-aimaktarynda-suu-berilbeit/
- Published: 2026-11-19T13:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T13:11:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары жана Полиция шаарчасында 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.** 

> Бишкек мэриясы кабарлагандай, суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

Суу берүү "Контррезервуары" суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**