> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/batkende-oorukanalardyn-komuru-92-mektep-bala-bakchalardyn-74-zhetkirildi/
- Published: 2026-11-19T07:44:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T07:43:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы ооруканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аймактагы өкүлүктөн маалымдашты.**

> Билдирүүгө ылайык, социалдык маанилүү объектилерге жылуулук берүү 2026-жылдын 19-октябрында, ал эми калган керектөөчүлөргө 2-ноябрда башталган. Учурда жылуулук белгиленген тартипте берилип жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамыржан Рахимов көмүр менен жылытууга жаңыдан өткөрүлгөн объектилердин абалы менен да таанышты. Ал мекеме жетекчилерине көмүр запасын толуктоо, электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.

Быйыл облустун саламаттыкты сактоо тармагына ****3 миң тонна** көмүр керектелет. Анын ****92 %ы** жеткирилген. Ал эми билим берүү мекемелерине зарыл болгон **16 миң тонна** көмүрдүн ****74 %ы** ташылган.