> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/kyrgyzstan-menen-kazakstan-salyk-tarmagyndagy-kyzmattashtykty-talkuulady/
- Published: 2026-11-19T12:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T12:47:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.**

> Маалым болгондой, жолугушууда эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

> Анын ичинде салыктык башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу, санариптик технологияларды киргизүү жана салык жол-жоболорун өркүндөтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана белгиленген багыттар боюнча диалогду улантуу боюнча макулдашылды.