> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/mik-aiymdar-ipotekasy-boiuncha-tushundurmo-berdi/
- Published: 2026-11-19T10:11:05.000Z
- Updated: 2026-11-19T10:11:05.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**МИК "Айымдар ипотекасы" эмне себептен Бишкек жана Ош шаарларына кире электигине түшүндүрмө берди.**

> Мекеме 1-этап боюнча аймактар гана каралганын, кийинки жылы 2-баскычында эки негизги калаа кошуларын билдирди. 

Компания буга долбоорду колдоп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүн себеп кылды. Анткени, аталган банк айылдарга өзгөчө көңүл бурат.

Декреттеги айымдар МИКтин бул долбооруна катыша алышпайт. Компания муну да Азия өнүктүрүү банкынын талаптарына туура келбестиги менен түшүндүрдү. Кезекке турууну каалаган айымдын туруктуу киреше булагы болушу шарт.