> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/nurdan-oruntaev-100don-ashyk-kurulush-kompaniiasynyn-zhetekchileri-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-11-19T03:12:41.000Z
- Updated: 2026-11-19T03:12:41.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Кечээ курулуш министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.** 

> Белгилүү болгондой, жыйында курулуш объектилериндеги санитардык абал, жаңы талаптардын аткарылышы, курулуш компанияларынын жоопкерчилиги жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Министр курулуш аянтчаларын жана алардын айланасын таза кармоо, курулуш калдыктарын өз убагында чыгаруу зарылдыгын белгилеп, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине кошумча түйшүк жаратпоону тапшырды. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/916844742_1653477252917984_4049802385553845590_n.jpg)

Бул багытта министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине объектилердин ички жана тышкы аймактарындагы санитардык абалды туруктуу көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

> Ошондой эле Нурдан Орунтаев курулуш объектиси нөлдүк циклден чыкмайынча батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынган буйрукту эске салып, аны так сактоону талап кылды. 

Муну менен катар курулуш компанияларынын каржылык башкаруусун туура уюштуруп, долбоорлорду ишке ашырууда финансылык милдеттенмелерди алдын ала так пландаштыруу зарылдыгын белгиледи. 

Министр курулуш тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн, ошол эле учурда мыйзам талаптарын бузган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти. Мындан тышкары, курулушта чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу, заманбап долбоорлоо ыкмаларын киргизүү жана жаңы курулуш ченемдерин сактоо зарылдыгына токтолду.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, компания жетекчилери тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.