> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/okmot-aiyl-charbasyn-onukturuu-uchun-5-kadamga-bargan/
- Published: 2026-11-19T09:28:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T09:27:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Соңку 5 жылда айыл чарбасын колдоодо конкреттүү жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, натыйжа чыгаруу үчүн 5 негизги чечим кабыл алынган. Алардын бири катары фермерлерге асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3%дык жеңилдетилген насыя берүү саналат. Быйыл 238 адамга **1,1 млрд сомдо**н ашык каражат берилген. Анын негизинде асыл тукум чарбалардын саны 186дан 232ге өскөн.  

6%дык жеңилдетилген насыянын алкагында 2022-жылдан бери 11 783 дыйканга жана чарбага **27,5 млрд сом** бөлүнгөн. Сактоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө да олуттуу иштер аткарылган. Өлкө боюнча 49 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Жашылча сактоочу кампалардын жалпы сыйымдуулугу **171,9 миң тоннаны** түзгөн.

Айыл чарбасын санариптештирүү иштери жүргүзүлүп, "iDyikan" платформасы ишке кирген. Ага ****2 529 фермер** катталып, жеңилдетилген насыя алуу үчүн 1 **254 онлайн-арыз** ташташкан. Ошондой эле айыл чарба жерлерин жана суу ресурстарын спутник аркылуу мониторингдөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Сугат суусу жана ирригацияны жаңылоого 2021–2026-жылдары **19 млрд сомдон** ашык каражат бөлүнгөн. Натыйжада 7 102 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, **71 896 гектар жердин** суу менен камсыздалышы жакшырган.