> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/sakharovodogu-ubaktyluu-karmoochu-borbordo-189-kyrgyz-zharany-bar/
- Published: 2026-11-19T06:11:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T06:10:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**КРнын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Сахароводогу чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.** 

Анда акыйкатчы борбордо кармалып турган кыргызстандыктарды кармоо шарттары жана алардын укуктарынын сакталышы менен таанышып, ал жердеги мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. 

> Маалыматка караганда, жолугушууда мигранттарга алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын билүү зарылдыгы жана чет жерде жүргөндө өз укуктарын кантип коргоо керектиги түшүндүрүлдү. 

Мекендештер анда борбордо кармоо мөөнөтү, Россиядан чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле депортациядан кийин өлкөгө кайра кирүүгө канча убакыттан соң уруксат берилери тууралуу суроолорду беришти.

Мындан тышкары алардын банк эсептери бөгөттөлгөндүктөн, административдик айыптарды төлөө жана кредиттик милдеттенмелерин аткаруу жолдору боюнча да кайрылышты.

> "Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү", — деди Жамиля Жаманбаева.

Ошону менен катары эле бир кыргыз жараны өзүн көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине негизсиз киргизилген деп эсептеп, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө арыз менен кайрылды.

Борбордо Россиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар кармалат.

> Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын **189 жараны**, анын ичинде **33 аял** кармалып турган. Ошондой эле 17-ноябр күнү кечинде **28 кыргызстандыкты** депортациялоого даярдап жатышканын билдиришкен.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**