> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/19/toskool-ata-tokoi-charbasynda-100-gektar-zher-tosulat/
- Published: 2026-11-19T08:41:29.000Z
- Updated: 2026-11-19T08:41:28.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Жаратылыш министрлигине караштуу Токой кызматынын Тоскоол-Ата токой чарбасында токой фондунун жерлерин коргоону күчөтүү максатында 100 гектар аянтты тосуу иштери башталды.**

> Мекемеден учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. 

Долбоордун алкагында Тоскоол-Ата токой чарбасынын Голмүн токой бөлүмүнө караштуу тилкелердин биринде жалпы аянты **100 гектарды** түзгөн жер тилкеси тосулат.

Аталган иш-чара токой фондунун аймактарын мыйзамсыз жана көзөмөлсүз пайдалануунун алдын алууга, малдын башаламан жайылышын чектөөгө, жашыл өсүмдүктөрдүн жана токой ресурстарынын сакталышына шарт түзөт. 

> Белгилей кетсек, Тоскоол-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Ал 1997-жылы уюшулган. 

Токойдун аймагында жаңгак-мөмө жана башка дарак-бадал түрлөрүнөн турган табигый жана адамдын таасири менен калыптанган токойлор кездешет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**