> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/bishkek-meriiasy-zharnamalarda-kyrgyz-tilinin-talaptary-saktalyshy-kerektigin-eskertet/
- Published: 2026-11-20T04:52:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T04:52:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди, жарнама берүүчүлөрдү тышкы жарнамаларды жайгаштырууда мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн сактоого чакырды.**

> Маалыматта плакаттар, такталар, жанып туруучу таблолор жана башка техникалык каражаттар түрүндөгү тышкы көрнөк-жарнактар алгач кыргыз тилде, андан кийин расмий деп эсептелген орус тилинде кайталанып жазылышы керектиги айтылат. 

Мындан тышкары дагы башка талаптар сакталууга тийиш:

- Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен сөзсүз макулдашылышы керек.
- Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.