> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/kara-baltada-ekologiialyk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-11-20T07:39:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T07:38:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Кара-Балтада мордон чыккан кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.** 

> Мекеме билдиргендей,мордон коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардын видео кайрылуу жарыяланган. Анын негизинде тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору окуя болгон жерге барып, абалды текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарынын бузулушу аныкталып, мыйзам бузууга жол берген тараптка Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**