> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/kiiinki-zhyldan-tarta-kimderdin-zholokpuldary-kotorulot/
- Published: 2026-11-20T08:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T08:09:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**1-январдан тарта ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.**

> Анын айтымында, майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу 8000 сомдон 11000 сомго жогорулайт. Мындан тышкары, майыптыгы бар 18 жаштан ашкан жарандардыкы, оорудан улам майыптыгы барлардыкы 2000ден 3000 сомго чейин өсмөкчү.

Туларбек кызы Аксы, Апрель окуяларында жана Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандарга, каза тапкандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү жөлөкпулдар көтөрүлөрүн кошумчалады. Бирок бул категориядагылардыкына канча кошуларын ачыктаган жок.