> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/olkodogu-15-846-zheke-assistentke-azyk-tuluk-zhardamy-berildi/
- Published: 2026-11-20T10:26:15.000Z
- Updated: 2026-11-20T10:26:15.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстан боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана туруктуу кароого муктаж адамдарга жардам көрсөткөн 15 846 жеке ассистентке жалпы 1 949 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, жардам Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы 2023–2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында көрсөтүлдү.

> Ар бир жардам алган үй-бүлөгө **100 килограмм буудай уну**, **10 литр өсүмдүк майы** жана **12,5 килограмм сары жарылган буурчак** берилди.

Демилге жеке ассистенттердин жана алар кам көргөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө кошумча социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган.