> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/oshto-300-orunduu-zhany-bala-bakcha-achyldy/
- Published: 2026-11-20T11:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T11:30:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш айылында 300 балага ылайыкталган №43 "Кызгалдак Бүчүр" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Буга чейин мекеме мектептин бир бөлүгүндө жайгашып, үч тайпада 65 бала гана тарбияланып келген.** 

> Ош мэриясынын маалыматына ылайык, бала бакча Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу айылдагы мурдагы мектептин имаратында ачылды. Жаңы мектеп курулгандан кийин бошогон эски имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, толугу менен мектепке чейинки билим берүү мекемесине ылайыкташтырылды.

Жаңы имаратта **12 тайпа** ачылып, **300 бөбөктү** кабыл алууга шарт түзүлдү. Муну менен айылдагы бала бакчага болгон муктаждык толук чечилгени белгиленди.

> Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэр бала бакчанын шарттары менен таанышып, мекемеге үч телевизор белек кылды. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушууда алардын спорт комплексин куруу боюнча кайрылуусун кабыл алды.