> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/papan-gesinde-derivatsiialyk-tonneldin-800-metri-kazyldy/
- Published: 2026-11-20T04:33:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T04:32:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин курулушунда пландалган 1,5 чакырым деривациялык тоннелдин 800 метрге жакыны казылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.** 

Курулуш иштерин "Чакан ГЭС" ААК "Кыргыз-Кытай биргелешкен гидроэнергетикалык курулуш компаниясы" ЖЧК менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында жүргүзүүдө.

> Билдирүүгө караганда, учурда станциянын имараты үчүн котлован казуу иштери жана суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасын куруу иштери катар жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, чыңалуусу **110 кВ** болгон электр берүү чубалгысынын таянычтарын орнотуу иштери аяктап, суу алуу түйүнү үчүн **10 кВ** чыңалуудагы убактылуу электр менен камсыздоо системасы тармакка кошулду.

> Папан ГЭСи Папан суу сактагычында курулууда. Станция ишке киргизилгенден кийин жыл сайын кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздап, өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун арттырууга салым кошот.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**