> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/zhaiyttar-kalybyna-keltirilip-zholdoru-ondolmokchu/
- Published: 2026-11-20T08:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T08:34:56.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жайыттарды колдонуу, башкаруу боюнча атайын программа бекитилди. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.**

Анын айтймында, **2030-жылга чейин 8000 чакырымдан** ашык жолдор оңдолуп, **700дөн** ашык көпүрө салынат. Марсбек уулу белгилегендей, **100 миң гектарга** жакын деградация учураган жерлерге жайыт үрөндөрү себилип, зыяндуу отоо чөптөр баскан аянттар тазаланат. Ошондой эле 1 млн гектарга жакын жайыт жерлер эс алдырылмакчы. 

> "Жайыттарда малчылардан чийки сүт жана сүт азыктарын сатып алуучу 200гө жакын пункт ачылат", - деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**