> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/zhalal-abadda-64-zharanga-myizamsyz-pensiia-chegerilgeni-anyktaldy/
- Published: 2026-11-20T05:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T05:27:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген. Натыйжада, 2025-2026-жылдар аралыгында мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген.**

> Башкы прокуратура билдиргендей, Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиясынын жооптуу кызмат адамдары тиешелүү медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзбөстөн, маалыматтык система аркылуу жасалма маалымкаттарды түзүшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.