> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/20/zhalgyz-boi-ata-enelerge-ishten-erte-ketuugo-zhe-kechiguugo-ukuk-beruu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-11-20T08:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T09:00:54.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**14 жашка чыга элек баланы жалгыз баккан жаранды 1 саат кем иштетүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы** [**коомдук талкууга чыкты.**](https://kenesh.kg/bills/public/5606)

> Документте белгиленгендей, кызматкер жумуштан 1 саат эрте кетүүнү же 1 саат кеч келүүнү өзү тандайт. Бул жеңилдик үчүн анын эмгек акысы кыскартылбайт жана жаран кийин анын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилбейт. Бул мүмкүнчүлүктү жалгыз бой энелер же аталар, ал тургай, бала асырап алган ата-энелер, камкорчулар да колдонушат.

Мыйзам долбоору жалгыз багуучуларга баланы бала бакчага, мектепке жеткирип же аны алып кетиши үчүн шарт түзүп берүүнү көздөйт. Демилгечи иш график балдардын сабактарынын башталышы жана аякташы менен дайым эле дал келе бербестигин, ал үчүн акы төлөнүүчү кызматтарды колдонуу ар бир үй-бүлөгө жеткиликтүү эместигин жазат.