> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/21/bishkekte-darylanyp-zhatkan-baldardyn-ata-eneleri-uchun-pansion-kuruluuda/
- Published: 2026-11-21T05:17:52.000Z
- Updated: 2026-11-21T05:17:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион куруу иштери жүргүзүлүүдө.**

> Курулуш министрлиги маалымдагандай, анын жалпы аянты **3 500 чарчы метрди** түзүп, **70 орунга** ылайыкталган. 

Долбоордо **14 эки кишилик** номер, намазкана, **4 кызматтык кабинет,** конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган.

> Объект Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күнгө карата долбоордун А блогунда плита жабуу, Б блогунда мамычаларды орнотуу, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүттү.

**Долбоордун негизги максаты — балдары аталган борбордо дарыланып жаткан ата-энелер үчүн жашоого жана эс алууга ылайыктуу шарттарды түзүү.*

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**