> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/21/kerben-shaarynda-aiyl-charba-zharmankesi-ottu/
- Published: 2026-11-21T03:34:54.000Z
- Updated: 2026-11-21T03:39:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ Бишкектин Аламүдүн районунда жана Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү. Анда азык-түлүктөр базар баасынан төмөн баада сатылды.**

> Маалым болгондой, Аламүдүндө эт **750 сомдон**, картошка **23 сомдон**, сабиз **25 сомдон,** жумуртка **12 сомдон** сунушталса, Кербенде картошка **30–35 сомдон,** пияз **35 сомдон**, алма **30–70 сомдон**, күрүч **120 сомдон** сатылды. 

Жарманкелердин максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланышын камсыздап, калкты жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоого көмөктөшүү. 

> Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ушундай эле жарманкелер ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта да өткөрүлөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**