> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/21/kutkaruuchular-10-aida-428-adamdy-olumdon-saktap-kalyshty/
- Published: 2026-11-21T11:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-21T11:02:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Быйылкы жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.**

> Белгилүү болгондой, **10 айда** ӨКМге жарандардан жалпы **2 миллион 795 миң 161** кайрылуу келип түшкөн.

> Ушул мезгил ичинде куткаруучулар **428 адамдын** өмүрүн сактап калышты. Анын ичинде жол кырсыктарынан **113,** сууга чөгүүдөн **14,** кен кырсыгынан **4,** өрттөн **5** адам куткарылды. 

Мындан тышкары, **731 жаранга** дарыгерлер келгенге чейин тез жардам көрсөтүлдү.

> Ошондой эле быйыл жыл башынан бери Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынын түбү тазаланды. Жалпы 202 гектардай суу аянтынан **25 тонна** таштанды жана **156 чакырымдан** ашык балык уулоочу торлор алынып чыкты. 

ӨКМ сел жана суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзгөн иштердин натыйжасында 72 жерде курулган дамбалар жана бекемделген арык-каналдар миңдеген адамдардын үйлөрүн, мал-мүлкүн жана жолдорду зыяндан сактап калган.

Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясына Ак-Суу жана Түп райондорунун тургундары үчүн көпүрөлөр курулуп бүтүп, **90го** жакын чабандын жайлоого каттоосу жеңилдеген.

> Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдөгү уулуу калдыктар көмүлгөн **60 жайдын 34үндө** тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын **25инде** иш толук аяктаган. Ошондой эле калкка жыл башынан бери **69 шашылыш билдирүү** берилген.