> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/21/narynda-7-kabattuu-350-orunduu-oorukana-kurulat/
- Published: 2026-11-21T04:40:33.000Z
- Updated: 2026-11-21T04:40:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун аймагында 7 кабаттуу 350 орундуу көп тармактуу оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Билдирүүгө ылайык, 20-ноябрда облус башчынын орун басары Жылдыз Мамбетова Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси, башкы директордун кеңешчиси Будур Аль Мансур баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Нарын шаарында курулушу пландалып жаткан **7 кабаттуу 350 орундуу** көп тармактуу оорукананын долбоору, эки тараптуу кызматташтык жана келечектеги пландар талкууланды.

Белгилей кетсек, Кувейт фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан оорукана Нарын облусунун тургундарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталган. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**