> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/21/oshto-2150-tup-pavlovniia-kochotu-oturguzuldu/
- Published: 2026-11-21T08:14:04.000Z
- Updated: 2026-11-21T08:15:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында бүгүн калаанын бир катар аймактарына жалпы 2150 түп павловния көчөтү тигилди.** 

Саамалыкка мэр Жанарбек Акаев, анын орун басары Эрнис Толтоев жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.

> Белгилүү болгондой, көчөт отургузуу иштери И. Раззаков көчөсүндөгү мурдагы көрүстөндүн ордунан (Гүлкайыр тилкеси) башталып, **150 түп павловния** эгилди. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/914957407_1491818926470333_4706802447447394786_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/914931782_1491818279803731_3459619664554917269_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/921424706_1491818666470359_436250380671696042_n.jpg)

Негизги иштер Көкүм бий көчөсүндө уланып, "Жаннат" мейманканасынан Унаа базарына чейинки жол жээгине **1000 түп көчөт** тигилди. 

Мындан тышкары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына дагы **1000 түп павловния** отургузулду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**