> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек акыр-чикирден тазаланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/bishkek-akyr-chikirden-tazalandy/
- Published: 2026-11-23T03:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T03:44:18.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы калаада эки күндө 2 963 тоннадан ашык таштанды чыгарылганын билдирди.**

> Маалымдалгандай, "Тазалык" муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн 115 атайын техниканы ишке тарткан. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана чыгаруу иштерине кошумча дагы 31 атайын техника иш алып барган.

Борбор калаанын төрт районунда тең эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын чогултуу жана чыгаруу иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Бишкекте 20–21-ноябрь күндөрү таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акция өткөн.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**