> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/bishkekte-uzundugu-1-800-metrdi-tuzgon-zhol-zhanylandy/
- Published: 2026-11-23T06:49:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T06:48:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**23-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев капиталдык оңдоо иштери аяктаган Чүй көчөсүнүн (Ак-Босого конушу) жаңыланган бөлүгүнүн ачылышына катышты.**  
  
Жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү. 

> Маалым болгондой, жаңыланган жолдун узундугу 1 800 метрди түзөт. Оңдоо иштерин "Су-4 Кара-Балта" ЖЧКсы аткарды.

Ошондой эле шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге **38 даана катальпа** көчөтү отургузулду.  
  
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1795408755.jpeg)

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**