> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/bishkektegi-zharmankede-4-minden-ashyk-zhumush-ordu-sunushtalat/
- Published: 2026-11-23T12:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T12:09:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**26-ноябрда Кыргызстандын Эл аралык университетинде жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен кабарлашты.** 

Иш-чараны Эмгек министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте уюштурууда.

> Жарманкеге **40тан ашык** иш берүүчү катышып, катышуучуларга экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча **4 000ден ашык** бош жумуш ордун сунушташат.

Жарманкенин негизги максаты — жаштарды, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди ишке орноштурууга көмөктөшүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө, маектешүүдөн өтүүгө жана жумуш сунуштарын алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Ал эми Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөлөр, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат. 

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарынын адистери келген жарандарга жумушка орношуу, кесиптик окутуу, "Жаштардын стажировкасы" программасы жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоонун башка чаралары боюнча консультация беришет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**