> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/chon-chui-kanalyn-bekemdoo-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-11-23T03:09:23.000Z
- Updated: 2026-11-23T03:10:45.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**21-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлүп жаткан жээкти бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.**

Учурда узундугу **800 метрди** түзгөн долбоордун биринчи этабы ишке ашырылууда. Каналдын жээктерин бекемдөө иштери **эки тарабында** тең жүргүзүлүп жатат. 

> Мэриянын маалыматына ылайык, жээктердин мындан ары бузулушуна жол бербөө максатында үч катар кылып габиондук конструкциялар орнотулууда.

Долбоордо ошондой эле каналга чектеш аймакты комплекстүү көрктөндүрүү каралган. 

> Тактап айтканда, ЧЧКны бойлой өткөн жолду асфальттоо, сейилдөөчү аймакты уюштуруу, жашылдандыруу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндикти түзүү пландалууда.

Курулуш иштерин "Бай-Таш Групп" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. 

Жунушалиев анда аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**