> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй районунун аймагын көрктөндүрүү долбоору даярдалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/chui-raionunun-aimagyn-korktonduruu-dolbooru-daiardaldy/
- Published: 2026-11-23T07:05:16.000Z
- Updated: 2026-11-23T07:05:15.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Чүй райондук администрациясынын Чүй айылындагы имаратынын аймагын көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Долбоор Ибраимов көчөсүндө жайгашкан административдик имараттын айланасын жаңылоону камтыйт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук башкармалыгы тарабынан даярдалган долбоордо аймактын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана коомдук мейкиндикти иретке келтирүү каралган.

Долбоор ишке ашса, административдик имараттын айланасы заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүлүп, жашоочулар жана мекеме кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/921637134_1658219482443761_7216994350403048548_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/927872277_1658219529110423_8132489720704949603_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/922717881_1658219559110420_3645647135242500161_n.jpg)