> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/kyrgyzstan-menen-finliandiia-geologiia-tarmagynda-kyzmattashat/
- Published: 2026-11-23T11:19:42.000Z
- Updated: 2026-11-23T11:19:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка караганда, бул багыттагы маселе жаратылыш ресурстары министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязовдун Финляндиянын Геологиялык кызматынын делегациясы менен жолугушуусунда каралды.

Жолугушууда "DATA4CRM: Борбордук Азияда геомаалыматтарды башкарууну өркүндөтүү" долбоорунун алкагында алгачкы долбоордук миссияны уюштурууга даярдык маселелери талкууланды. Ага министрликтин, Кыргыз геологиялык кызматынын жана "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

> Долбоор геологиялык маалыматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, тармакты санариптештирүүгө жана жер казынасын пайдаланууну башкаруунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Финляндия геологиялык чалгындоо, геомаалыматтарды санариптештирүү, геофизика жана геохимия багыттарында тажрыйбага ээ. Бул өлкөнүн адистери менен билим жана тажрыйба алмашуу кыргызстандык адистерге алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүп, аларды өлкөнүн шарттарына ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет.