> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык көзү азиз спортчулар Дүйнө чемпиондугунда 3 байге утушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/kyrgyzstandyk-kozu-aziz-sportchular-duino-chempiondugunda-3-baige-utushtu/
- Published: 2026-11-23T08:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T08:14:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Кыргызстандык паратриатлончулар Дүйнө чемпиондугунда 2 алтын, 1 күмүш байге жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, Дүйнө биринчилиги 13–22-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн. Турнирге катышкан көзү азиз спортчулар 3 чаырым сууда сүзүшүп, 120 чакырым велосипед менен жол жүрүшкөн жана 30 чакырым аралыкты чуркап өтүшкөн.

Жыйынтыгында, эркектер арасында Дастан Камчыбеков алтын. Жалалдин Абдувалиев күмүш медаль тагынышса, кыз-келиндер арасында Гүлназ Жүзбаева алтын байге жеңген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**