> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/olkodo-656-chakyrymdan-ashyk-irrigatsiialyk-kanal-ondoldu/
- Published: 2026-11-23T08:54:35.000Z
- Updated: 2026-11-23T08:54:35.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026-жылга карата белгиленген ирригациялык объектилерди оңдоо жана тазалоо иштеринин негизги бөлүгү аткарылды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 5 860 гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, учурда **656,7 чакырым** чарба аралык канал оңдолуп, механикалык жол менен тазаланды. Ошондой эле **638 гидротехникалык курулма**, **317 суу өлчөөчү пост**, **113 насостук станция** жана **197 насостук агрегат** оңдолду. Мындан тышкары, **14 насостук агрегат** алмаштырылды.

Коллектордук-дренаждык тармактын **217 чакырымы** тазаланып, **297,3 миң чарчы метр бетон каптамасы** төшөлдү. Ошондой эле **50 контролдук суу өлчөөчү жабдуу** орнотулду.

> Белгилей кетсек, 2026-жылга карата **776 чакырым канал тазалоо** жана оңдоо, **225 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты** тазалоо, **657,4 миң чарчы метр бетон каптамасын** төшөө жана **1 500 суу өлчөөчү жабдуу орнотуу** пландалган.

Аткарылып жаткан иштер сугат суусун жеткирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана айыл чарба жерлеринин мелиоративдик абалын сактоого багытталган.