> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/sulaiman-toodo-rekonstruktsiialoo-ishteri-bashtaldy/
- Published: 2026-11-23T03:29:47.000Z
- Updated: 2026-11-23T03:29:46.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**21-ноябрдан тартып "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин реконструкциялоонун биринчи этабындагы иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> Маалыматка караганда, 23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейи толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратынын экспозиция залы ачык болот.

Учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. 

Долбоордун алкагында музей-комплекстин инфраструктурасын жаңылоо жана зыяратчылар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

> "Бардык иштер Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт", - дешти мекемеден. 

Сулайман-Тоо — Кыргызстандын Ош шаарынын борборунда жайгашкан улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс. Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өлкөдөгү биринчи эстелик.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**