> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/ysyk-koldon-600-metrlik-myizamsyz-balyk-uuloochu-torlor-chygaryldy/
- Published: 2026-11-23T06:34:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T06:33:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жана Балыкчы шаарынын акваториясынан жалпы узундугу 600 метр болгон 6 эски балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында рейд өткөрүлгөн.

Иш-чаранын алкагында көлдүн аймагындагы эски балык уулоочу торлор тазаланып, суудан чыгарылды.

> Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддер улантылат.