> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы концепция боюнча Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/23/zhany-kontseptsiia-boiuncha-karakol-aiyl-aimagy-pilottuk-rezhimde-synalyshy-mumkun/
- Published: 2026-11-23T05:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T05:00:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**2050-жылга чейин жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу концепциясынын алкагында Таластын Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн. Бул тууралуу президентке караштуу стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары Тимур Абылаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.**

Анын айтымында концепция 3 этапка бөлүнөт. 2027-жылдын 2030-жылга чейин биринчи баскыч, 2030-2040-жылдары экинчи баскыч, 2040-жылдан 250-жылга чейин үчүнчү этап. 

> "Алгачкы этапта суу, жер ресурстарына инвертаризация жүргүзүлөт. Ошондой эле пилоттук аймактар аныкталат. Азыр болжолдуу Таластын Каракол айыл аймагы тандалып жатат. Эгер бекип калса, негизги иштердин көпчүлүгү ошол жерде башталат", - деди ал.

Абылаев аталган айыл аймак тоонун арасында жайгашкандыктан суусу мол экенин, бардык өсүмдүктөр өсө бербестигин, андыктан тандалышына себеп болгонун кошумчалады.