> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/900-min-som-opuzaloogo-shektelgen-ukmknyn-zhalgan-kyzmatkeri-karmaldy/
- Published: 2026-11-24T13:07:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T13:06:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери деп тааныштырган жаранды кармады.**

> Прокуратуранын маалыматына ылайык, М.Д. аттуу шектүү чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү документтерди алып берүүгө жардам берерин айтып, бул кызмат үчүн **900 миң сом** талап кылган.

Шектүү акчаны алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.