> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Тоо Резорт" эс алуу борбору 1-декабрда ачылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/ala-too-rezort-es-aluu-zhaiy-1-dekabrda-achylat/
- Published: 2026-11-24T03:18:24.000Z
- Updated: 2026-11-24T03:22:35.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында 1-декабрда мамлекеттик "Ала-Тоо Резорт" эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы өтөт.** 

Ички иштер министрлиги ачылыш аземдин алдында өлкө тургундарын жана конокторун сактык чараларын көрүүгө, ошондой эле жол жүрүүнү алдын ала мерчемдөөдө этият болууга чакырды. 

> Маалыматтарга ылайык, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү, транспорттук жана уюштуруу кызматтарын көрсөтүү боюнча ар кандай сунуштар таралууда. Айрым учурларда транспорттук жана уюштуруу кызматтары үчүн акча каражаттарын алдын ала которуу талап кылынууда.

Ушуга байланыштуу ИИМ жарандарды алдамчылык аракеттерине кабылуу коркунучу бар экендигин эскертет. 

Министрлик белгисиз телефон номерлерине жана **банктык эсептерге акча которбоону,** текшерилбеген ортомчуларга ишенбөөнү жана келип түшкөн сунуштардын аныктыгын кылдат текшерүүнү сунуштайт. 

> "Үчүнчү жактар тарабынан берилген сунуштар уюштуруучулар тарабынан тиешелүү түрдө ырасталмайынча расмий болуп эсептелбей тургандыгын эскертебиз", - дешти мекемеден. 

Мындан тышкары, тоолуу рельефти, кышкы аба ырайынын шарттарын жана жолдун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курортко түз жетүү атайын өтүмдүүлүгү жогору, толук дөңгөлөктүү унаалар менен гана мүмкүн.

> Коноктордун ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат. Ал жерден салтанаттуу ачылыш өтүүчү жайга чейин атайын даярдалган жол тандабас унаалар менен борборлоштурулган ташуу камсыздалат. 

Иш-чара аяктагандан кийин конокторду кайрадан унаа токтотуучу жайга жеткирүү да уюштурулат. 

**ИИМ иш-чаранын катышуучуларын жеке унааларын атайын белгиленген унаа токтотуучу жайга калтырууга, уюштурулган транспорт кызматынан пайдаланууга, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга жана мындай жол шарттарына ылайыкташпаган унаалар менен татаал тилкелерден өз алдынча өтүүгө аракет кылбоого чакырат.*

Ошондой эле конокторго аба ырайынын шарттарын эске алуу, сапарын алдын ала мерчемдөө жана иш-чара аяктагандан кийин кайра жеткирүүчү транспорттун жөнөө убактысын эске алуу менен өз убагында унаа токтотуучу жайга келүү сунушталат.

**Ички иштер министрлиги уюштуруучулардын сунуштарын аткаруу, акча которууда сак болуу жана жеке коопсуздукка жоопкерчилик менен мамиле кылуу жагымсыз жагдайлардын алдын алууга жана иш-чаранын коопсуз өтүшүн камсыздоого өбөлгө түзөрүн эскертет.*