> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/ankarada-turizm-zhana-saiakat-boiuncha-korgozmo-bolup-ottu/
- Published: 2026-11-24T06:47:57.000Z
- Updated: 2026-11-24T06:47:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**19–21-ноябрда Анкара шаарында туризм жана саякат боюнча 9-Эл аралык TRAVELEXPO ANKARA 2026 көргөзмөсү болуп өттү. Анын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан кыргыз павильону уюштурулду.**

ATO Congresium көргөзмө борборунда өткөрүлгөн аталган иш-чара Түркиянын туристтик тармагындагы маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат. 

> Элчиликтен кабрлагандай, көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик агенттиктери, туроператорлору, мейманкана бизнесинин өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелер жана туристтик тармактын башка өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз павильону көргөзмөгө келген коноктордун жана туристтик тармактын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. 

Павильондун алкагында өлкөнүн туристтик дараметин, анын ичинде кышкы жана тоо туризмин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеороликтер көрсөтүлүп, келген конокторго маалыматтык жана презентациялык материалдар таратылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**