> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/bishkekte-sotsialdyk-maanidegi-azyk-tuluktordun-baasyna-kozomol-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-11-24T06:08:23.000Z
- Updated: 2026-11-24T06:09:31.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын бардык райондорунда эт жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Рейддер алардын наркын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатканын мэриядан билдиришти.** 

Өткөн жумада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте калкты жеткиликтүү баадагы эт азыктары менен камсыз кылуу максатында уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзүштү.

Ленин районунда "Ош базары" соода-базар комплексинин аймагында соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, белгиленген бааларды сактоо жана аларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

> Свердлов районунда 2025-жылдын август айынан бери бүгүнкү күнгө чейин 250 рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Октябрь районунда текшерүүлөр "Орто-Сай" базарынын аймагында жүргүзүлдү. Сатуучуларга баа белгилерин илип коюу, белгиленген чектик бааларды сактоо жана азык-түлүктөрдүн наркын негизсиз жогорулатпоонун талаптары түшүндүрүлдү.

> 2025-жылдын август айынан бери райондо жалпы 598 рейд өткөрүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эт азыктарына белгиленген баадан жогору баа койгондугу үчүн 6 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жалпы **56 миң сом** айып пул салынган.

Биринчи май районунда рейддик иш-чаралар "Алтын Така эт базары", "Сары-Өзөн" жана "Азиз базары" соода жайларын камтыды. Сатуучуларга жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө эттин жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн белгиленген чектик бааларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

**Рейддерге райондук администрациялардын, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтын, райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын кызматкерлери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.*