> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/karakoldo-1000-orunduu-kongress-kholl-kuruluuda/
- Published: 2026-11-24T04:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T04:20:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Каракол шаарында 1000 орундуу заманбап конгресс-холл курулууда. Долбоор Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып жатканын 23-ноябрда Курулуш министрлигинен билдирди.** 

Долбоорлоо иштери курулуш менен катар жүргүзүлүүдө. Объект жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты **1,6 гектарды** түзөт.

> Билдирүүгө караганда, курулуш-монтаждоо иштери ушул жылдын май айында башталган.

Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалын куруу иштери толук аяктап, биринчи кабаттын плитасын бетондоо иштери бүткөрүлдү. Учурда экинчи кабаттын опалубкасын кармоочу тирөөч мамыларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**