> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/kuzduk-nym-toptoo-sugaty-96-atkaryldy/
- Published: 2026-11-24T04:58:52.000Z
- Updated: 2026-11-24T04:58:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**23-ноябрга карата республика боюнча күзгү ным топтоо сугатынын алкагында 290,65 миң гектар жер сугарылды. Бул белгиленген пландын 96 пайызын түзөт.** 

> Айыл чарба министрлиги учурда ным топтоо иштери уланып жатканын кабарлады. 

Учурда республика боюнча дарыялардан, суу сактагычтардан, булактардан жана жер астындагы суулардан секундасына **42,317 м³** суу алынып, негизинен күзгү ным топтоо сугатына берилүүдө.

Жыл башынан бери сугатка жалпы **5 млрд 222,06 млн м³** суу берилип, план **82 пайызга** аткарылды. Ал эми сугарылган аянт **3 млн 9,46 миң гектарды** түзүп, белгиленген пландын **80 пайызы** аткарылды.

Күзгү сугаттын жалпы көлөмүнүн ичинен **219,69 миң гектары** күзгү ным топтоо сугатына, **70,962 миң гектары** күздүк эгиндерди себүүгө чейинки жана себүүдөн кийинки сугарууга туура келет.

**Облустар боюнча күзгү ным топтоо сугатынын аткарылышы төмөнкүдөй**:

- Баткен облусу – **56,991 миң гектар** (план 123%);
- Ош облусу – **26,318 миң гектар** (84%);
- Жалал-Абад облусу – **41,256 миң гектар** (96%);
- Нарын облусу – **20,764 миң гектар** (68%);
- Талас облусу – **42,9 миң гектар** (91%);
- Ысык-Көл облусу – **42,728 миң гектар** (93%);
- Чүй облусу – **59,695 миң гектар** (105%).

Белгилей кетсек, сугат суунун жалпы көлөмүнүн пландагыдан аз болушуна жаз айларында, тактап айтканда апрель–июнь мезгилинде жаан-чачындын нормадан көп жаап, топурактагы нымдуулуктун жогору болушу себеп болгон. 

Натыйжада **78,3 миң гектар** дан эгиндери жана **17,1 миң гектар** көп жылдык чөп аянттары биринчи сугатка муктаж болгон эмес.

> Күзгү ным топтоо сугаты айыл чарба өсүмдүктөрүн кийинки жылдагы вегетациялык мезгилге даярдоодо, топуракта жетиштүү нымдуулукту камсыз кылууда жана түшүмдүүлүктү жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.