> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда курулуш компаниясына  2 млн сомдон ашык айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/24/zhalal-abadda-kurulush-kompaniiasyna-2-mln-somdon-ashyk-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-24T07:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T07:54:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Жалал-Абаддын Манас шаарында 5 курулуш объектисин жүргүзүп жаткан "Бест Хаус Гранд" компаниясына 2 млн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, Жамашев көчөсүндөгү 9 блоктук, Барпы Сейил көчөсүндөгү 5 блоктук, Абдрахманов көчөсүндөгү 27 блоктук, 11 блоктук жана 20 блоктон турган объекттерге текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана курулуш ченемдеринин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталбагандыгы, ошондой эле жумуш орундарын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталган.

Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**