> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/25/bishkekte-205-munitsipaldyk-aimaktyk-bashkarmalygynyn-zhany-imaraty-achyldy/
- Published: 2026-11-25T03:22:31.000Z
- Updated: 2026-11-25T03:22:31.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**24-ноябрда борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өттү.**

Бир кабаттуу имаратты "Кыргыз Даймонд" жоопкерчилиги чектелген коому курган. 

> Мэриядан билдиргендей, имаратта кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, от казан жана санитардык түйүндөр каралган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/923922999_2025036668175673_8219121870052791345_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/911548519_1850021769467179_4112079654866999513_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/924081953_1614423653221586_4917954368524120822_n.jpg)

Мэр анда жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана муниципалдык объектилерди курууда натыйжалуу ыкмаларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.

> "Имараттарды долбоорлоодо шаардын өнүгүү муктаждыктарын жана жер тилкелерин сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын эске алуу менен, көп кабаттуу кылып куруу каралышы керек", — деди шаар башчысы.

Калаа башчысы Капиталдык курулуш башкармалыгына:

- имараттын учурдагы конструкцияларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны эки же үч кабатка чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү;
- кошумча аянттарда китепкана же балдардын чыгармачылык борборун жайгаштыруу маселесин кароону тапшырды.

Мындан тышкары, Биринчи май районунун администрация башчысына имараттын айланасын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайды уюштуруу, ошондой эле учурдагы балдар аянтчасынын жанына воркаут-зонасын түзүү тапшырылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**