> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Битум базаларынын кубаттуулугу артууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/25/bitum-bazalarynyn-kubattuulugu-artuuda/
- Published: 2026-11-25T05:13:50.000Z
- Updated: 2026-11-25T05:13:49.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Коом

**Транспорт министрлиги битум базаларын модернизациялоо жана алардын сактоо кубаттуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.**

> Маалымдалгандай, 2020–2026-жылдары 5 битум базасын жаңылоо иштери камтылган. Алар: Ысык-Көлдөгү Кыямат-Кыркол, Чүйдөгү Жел-Арык, Таластагы Маймак, Жалал-Абаддагы Шамалды-Сай жана Оштогу Ош-2 битум базалары. Аталган базалардын жалпы сактоо кубаттуулугун 13 580 тоннадан 33 800 тоннага чейин көбөйтүү каралган.

Модернизациялоонун алкагында жаңы буу казандары орнотулуп, битум сактоочу кошумча резервуарлар курулууда, жылытуу системалары жана технологиялык жабдуулар жаңыланууда. Мисалы, Шамалды-Сай битум базасынына кошумча 10 000 тонналык сактагыч курулуп, жалпы кубаттуулугун 15 000 тоннага жеткирүү каралган.