> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордогу токой чарбада 5400 түп көчөт жабык тамыр системасы менен өстүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/25/kochkor-tokoi-charbasynda-5400-tup-kochot-zhabyk-tamyr-sistemasy-menen-osturuldu/
- Published: 2026-11-25T07:10:33.000Z
- Updated: 2026-11-25T07:11:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кочкор токой чарбасында Ага Хан фондунун колдоосу менен 210 миң сомго 5400 түп ар кандай дарактардын көчөттөрү жабык тамыр системасы менен өстүрүлдү**. **Бул тууралуу бүгүн Токой кызматынан билдирди.** 

> Билдирүүгө караганда, алардын катарында **2000** кадимки карагай, **1500 даана** тикендүү карагай, **900 даана** четин жана **1000 даана** кайың бар.

Көчөттөрдүн баары уруктан өстүрүлгөн. 

> Жабык тамыр системасынын артыкчылыгы — көчөттү отургузууда тамыры жабыркабайт жана анын жерге тез көнүп, жакшы өсүп кетишине шарт түзүлөт.

Мындай ыкма менен көчөт өстүрүү токой чарбаларында сапаттуу көчөттөрдү көбөйтүүгө жана аймактарды жашылдандырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**