> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаары кышка даяр: калк үчүн 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/25/naryn-shaary-kyshka-daiar-kalk-uchun-7-min-tonnadan-ashyk-komur-zhetkirildi/
- Published: 2026-11-25T06:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-25T06:00:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда. Калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 10 миң тонна отун жеткирүү пландалса, анын 7 миң тоннадан ашыгы шаарга алынып келинип, тургундарга сатылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү Ишкер медианын аймактык кабарчысына билдиришкен.**

Мэриянын экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси **Айгүл Мамажанованын** маалыматына караганда, калктын кышкы керектөөсүн камсыздоо максатында шаарга жалпысынан 10 миң тонна көмүр жеткирүү пландалган.

> “*Тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү жана көмүрдүн баасын туруктуу кармоо үчүн шаарда муниципалдык кампалар уюштурулган. Жеке ишкерлер менен кызматташуунун негизинде бүгүнкү күнгө чейин 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилип, сатууга чыгарылды. Калган көлөмдү белгиленген мөөнөттө ташып келүү иштери уланууда”* – деп билдирди, Айгүл Мамажанова.

### **Социалдык объектилерге 15 миң тоннадан ашык көмүр пландалган**

Мэриянын маалыматына ылайык, “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасына 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын, социалдык объектилерди жана бюджеттик мекемелерди жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 15 266 тонна көмүр отуну пландалган.

Учурда ишкананын кампаларына келишимде көрсөтүлгөн графикке ылайык 7 500 тонна көмүр жеткирилген. Калган отун кыш мезгилинде этап-этабы менен ташылып келинет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-25-at-11.42.14.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-25-at-11.41.50.jpeg)

Нарын шаардык жылуулук ишканасынын жетекчиси **Мирлан Аманбаевдин** айтымында, ишкана быйылкы жылытуу сезонуна карата көмүр сатып алуу жана жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. Отундун сапатына, күйүү кубаттуулугуна жана сактоо шарттарына көңүл бурулуп, лабораториялык жана техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

### **Жылуулук системалары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн**

Көмүр корун түзүү менен катар жылуулук берүүчү жабдуулардын, от казандардын жана магистралдык түтүктөрдүн техникалык абалы да текшерилген.

Чыгыш чөлкөмүнүн жылуулук ишканасынын башчысы **Самат Бактыбековдун** маалыматына караганда, жылытуу сезону башталганга чейин бардык от казандар, насостук агрегаттар жана жылуулук өткөрүүчү түйүндөр оңдоп-түзөөдөн жана гидравликалык сыноодон өткөрүлгөн.

> “*Системанын автоматташтырылган башкаруу бөлүгү жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу чаралары да жөнгө салынган. Адистер күнү-түнү нөөмөт режиминде иш алып барып, аба ырайынын кескин суукташына жараша жылуулук берүүнүн температуралык графигин ыкчам жөнгө салып турушат”-* дейт, Самат Бактыбеков.

Жалпысынан Нарын шаарында калкты көмүр менен камсыздоо, социалдык объектилерди жылытуу жана жылуулук системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча даярдык иштери уланууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-25-at-11.40.07.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-25-at-11.39.09.jpeg)