Өзгөндүн базарындагы мыйзамсыз сатылган жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ош областынын Өзгөн райондук прокуратурасы шаардын борбордук базарынын аймагандагы аянты 10.8 миң кв.м түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

Жыйынтыгында, 87 млн. 57 миң сомго бааланган түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди.