> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги үйлөрдүн чарчы метри канча турат?
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/10/08/bir-charchy-mietri-kancha-turat/
- Published: 2025-10-08T07:02:35.000Z
- Updated: 2025-10-08T07:24:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына үңүлсөк 2025-жылдын сентябрь айында батирлердин чарчы метринин баасы жогорулаганын байкоого болот.** 

Бирдиктүү улуттук маалымат системасынын маалыматында өнөр жай объектилеринин бир чарчы метри 345,5 миң сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми турак үйлөрдүн бир чарчы метри орточо 142,7 миң сом болсо, батирлердики 118,5 миң сом. Коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдө чарчы метрдин баасы 88,6 миң сом, а социалдык объектилерде 10,3 миң сом экени айтылат. 

Бул көсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкекте турак үйлөдүн баасы өсүп жатканынан кабар берет. Ошондой эле өнөр жай кыймылсыз мүлкүндө баалар туруктуу кармалып, социалдык кыймылсыз мүлк элге жеткиликтүү болуп жатканын көрсөтөт.