> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1857 үй, 3006 жер участогу жер мунапысына жатпайт
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/10/15/1857-ui-3006-zhier-uchastoghu-zhier-munapysyna-zhatpait/
- Published: 2025-10-15T06:09:43.000Z
- Updated: 2025-10-15T06:09:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча департаментинин директору Уран Мусаев “Биринчи радиого” 2021-жылдын декабрынан кийин курулган 1857 турак үй жана бош жаткан 3006 жер участогу жер мунапысына кирбей турганын билдирди.** 

> Буга улай ал 156 участок камакта экенин, 2643 үй таштанды полигонунун коргоо зонасында турганын айткан. Ошондой эле 1170 жер участогу боюнча арыз берүүчүлөр ортосунда талаш маселелер катталган. 

> Башка көйгөйлүү категориялар арасында: 118 жер участогу жогорку чыңалуудагы электр линияларынын коргоо зонасында, 21 участок жылуулук тармактарынын түтүктөрүнүн территориясында, 60ы Бакай-Ата жаңы конушунун жана Бишкек ЖЭБинин күл төгүүчү жеринин коргоо зонасында жайгашканы айтылат. 

Ошондой эле 31 адам жашабаган үй, саркофаг жана оорулуу малды көмүүчү жайда 22 объект, суу коргоо зонасындагы 5 объект, ошондой эле Кара Жыгач бакчасында 102 үй аныкталган.